www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун мурдагы губернатору 3иядин Жамалдинов жана анын мурдагы биринчи орун басары Данияр Жаныкулов экөө бири-бири менен тирешип, иштеше албай иштен кетишкенине бир нече ай өттү.
Экөө Данияр Жаныкуловдун өз кабинетинде акча алып жаткан видеосу коомчулукка тарап, чоң резонанс жаралгандан улам иштен алынышкан.
Натыйжада, Жаныкуловго кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура иликтеп жатканы айтылган. Ошону менен кылмыш иши "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп" тынчыды.
Данияр Жаныкуловдун айыбы барбы, болсо жоопкерчилик тартып, пара алганы аныкталса абакка отурушу керек эле. Күнөөсүз жерден айыптуу болуп, жалган жалаага кабылса, кайра ишине коюлушу милдет болчу. Анын бири жок. Ишти жең ичинен бүтүрүп коюшкандай.
Ушунтип тандалма, өң карама саясат жүрүп, жеп-ичкен коррупцияга шектелгендердин иши "баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде" болуп бүтүп жатса, анан кантип Ташиевдин "коррупционерлерге катуу чара көрүлөт" деген сөзүнө эл ишенет?..
Мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып, каалаган учурда тизеге чаап чөгөлөтүп, кааласа буйласынан силкип тургузуп жетелеп кете берген түшүнүк менен өздөрүнө ыңгайлуу учурга иштеткен көрүнүш элдин ишенимин жаратпайт.
Булак: NazarNews.kg