www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында коңшу мамлекеттен алынып келген делген дарбыздын ичи кан сыяктуу кыпкызыл түстө, жегенде даамсыз болуп жаткандыгы шаардын тургундарын тынчсыздандырып жаткандыгы тууралуу маалымат белгилүү болду. Андай дарбызды тасмага тарытып, интернетке чыгарышты.

Тажикстандан алынып келген дарбыздар желим сыяктуу болуп, суусу болсо боёкко окшоп буюмдун бетине жугат экен. Элдин үрөйүн учурган мындай көрүнүш тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Абдылдаев: "Текшерип жатабыз. Дарбыздар чет жактардан көп алынып келип, ар кайсы жерлерге тарап кеткендиктен, көзөмөлгө алганга мүмкүндүк болбой жатат. Эл өзү көзөмөлгө алышы керек. Эрте бышкан дарбыздардын нитраты тиешелүү нормадан 5-6 эсеге чейин көп болууда. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз" - деп билдирди.

Ушул эле инспекциянын директорунун орун басары Кумар Исаков "Мөмө-жемиштер кошуна өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен алынып келип жатат. Текшериш керек. Дарбыз көлөкө жерде сакталышы керек. Нитраты көп дарбыз күндүн ысыгында тез бузулуп калат. Ошондон уулангандар көп болот. Рейддер жүргүзүлүп жатат», - деди. Эсиңиздерге салсак, буга чейин коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келген коон, дарбыздардын зыяндуулугу белгиленген нормадан 15 эсе көп болуп жатканы белгилүү болгон эле.

Булак: Багыт.kg

Последние новости