www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Лондондо Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болгону тууралуу кабар бергенбиз. Айсултандын апасы, Сенаттын мурдагы спикери Дарига Назарбаева уулунун каза болгонун тастыктады.

«Менин сүйүктүү уулум Айсултандын дүйнөдөн кайтканына менин үй-бүлөм катуу кайгырууда. Ушундай оор күндөрдө коомчулук бизди түшүнүп, биздин улуубуздун кайгысына урмат-сый менен мамиле кылат деп үмүттөнөбүз”, - деди Дарига Назарбаева.

Айсултан Британиянын Королдук Аскер академиясын 2010-жылы бүтүргөн. 2012-жылы ал Казакстандын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгына өткөн. Ал жерде бир жыл кызмат кылган.

Ушул жылдын башынан бери Назарбаев коомдук медиадагы күтүүсүз постторунан улам коомчулуктун көңүлүн бурган эле. Ушундай посттордун биринде ал үй-бүлөлүк сырды ММКларга ачып берген. Айсултан Нурсултан Назарбаевдин чоң атасы эмес, анын атасы болгонун айткан. Дагы биринде, ал өкмөттү пара алган деп айыптаган эле.

Ошондой эле ал январь айында өз өмүрүнө кол салган. Айсултан баңгизатка берилип кеткендиктен, ооруканада дарыланып жатканы жөнүндө маалыматтар чыккан. Айсултан эмне үчүн каза болгону азырынча белгисиз. Өлүмдүн себеби жүрөктүн кармалышы деп божомолдонууда

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости