www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чындыгында COVID-19 кыска мөөнөттүн ичинде мамлекетибиздин дараметин көрсөтүп, экономикабыздын алсыз жана терс жактарын ачыктап салды. Атап айта турган болсок, мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн, өлкөбүз импортко көз каранды экендиги, кичи жана орто бизнестин, жеңил өнөр жайлардын атаандаштыкка туруштук бере албастыгы көзгө көрүндү. Мына ушул кырдаал мамлекетти алдыга суйрөй турган, ишенич арта турган, туруктуу ири ишканалардын, өнөр жайлардын жокко эсе экендиги ачыктады.
Анысы аз келгенсип, «Кайгы жокто кайын энем өлүптүр» - дегендей, сом менен рубль девальвацияга учурап, доллардын курсу көтөрүлүп, өлкө эгемендүүлүктү алгандан тарта болуп көрбөгөн кризиске такалды. Ансыз деле, мамлекетибиз «Өлбө жаным, өлбө!» - деп, экономикалык жана социалдык жетишпестигинен улам, жылдан жылга очойгон карыздарга батып, аттуу-баштууларыбыз жерлерибизди, кен-байлыктарыбызды чет өлкөлөргө четинен сата баштады. Өкүнүчтүүсү, өз тизгинин өз колуна алып, баш мыйзамга бөлүнүүчүлүктүн, коррупциянын, адилетсиздиктин үрөөнун сепкен соң, улам жаны стратегия, жаңы программалар менен суугарып, өлкөбүз жашоонун даңгыр жолунда кыйла кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бул албетте элибиздин да, мамлекетибиздин да жүрөгүн өйүй турган көйгөй десек болот.
Ошол себептүү, өлкө башчылар, атуу-баштуулар, ишкерлер, бизнесмендер, илимпоздор, дегеле ар бир адам, ушул болуп жаткан пандемиядан жыйынтык чыгарып, жашоодогу максатын, багытын аныктай турчу күн келди!
Ошондуктан, белди бекем бууп, учурда болуп жаткан кырдаалдарды, мамлекетибиздин экономикалык абалын, мүмкүнчүлүктөрун эске алып, акыл калчап, биримдиктин, ынтымактын негизинде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай реалдуу кадамдарды таштай турган учур келди десек да болот!
Азыркы болуп жаткан COVID-19 окуясы кыргыздын биримдигин, ынтымагын жана духун баалап, даңазалап койду көрүнөт. Кыргыз эли бир муштумдай бириге алды. Эмки кезек, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздүн, ишкерлердин биригүүсүнө чакырат элем. Айтайын дегеним, ишкерлерибиз биригип, бир муштум болсок, дүйнөнүн рыногун дүңгүрөтүүгө толук ишенем!
Айыл чарба секторун өнүктүрсөк жакырчылык кыскарат
Эгер биз өнүгүүнү кааласак, анда биринчи кезекте айыл чарба секторун өнүктүрүү керек. Себеби, ийгиликтүү өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкөдө экономикалык өнүгүү жана өсүү болбойт, качан ошол өлкөнүн айыл чарба сектору өнүкмөйүнчө. Биздин өлкө агрардык өлкө. Кыргызстанда калктын 90 пайызы айылдарда жашайт. Ошондуктан, бул көрсөткүч калктын дээрлик көпчүлүгү айыл чарба менен алектенишээрин тастыктайт. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү калктын орточо кирешесинин жогорулашына, жакырчылыктын кыскарышына алып келет. Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу да камсыздалмак. Себеби, азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн стратегилык багыттарынын эң маанилүүсү экендиги талашсыз. Аны айтпасак деле, үрөйдү учурган коронавирус аз убакыттын ичинде далилдеди.
Балким, өлкөдө болуп жаткан кырдаал Кыргызстандын айыл чарба тармагын мындан ары өнүктүрүп кетүү үчүн импортту алмаштыруу саясатын активдүү илгерилетип кетүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыр. Ошондуктан, кыргыз элин өзубуздө өндүрүлгөн ата-мекендик витаминге бай мөмө-жемиштерди, продукцияларды сатып алууга жана керектөөгө чакырат элем. Ансыз деле, сырттан келген мөмө-жемиштердин «Сырты жалтыраак, ичи калтыраак» - дегендей, алардын көбүнчөсү товардык сырткы көрүнүшү эле болбосо, эч кандай витамин жана даамы жок, ГМО, дары-дармек, химикаттар менен өстүрүлгөн. Кытайдан, Индиядан келген эттер, кургатылган сүттөр жана башка тамак-аш продукцияларды айтпай койсок да түшүнүктүү.
Ошондой эле, мамлекет өз тизгинин колуна алып, «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» өлкөбүздөгү ири ишканалардын жетекчиликтерин, бизнесмендерди, фермерлерди жана илимпоздорду бириктирип, аларга мамлекет тараптан болгон мүмкүнчүлүктордү түзүп, колдон келишинче колдоо көрсөтүп, ОЛУТТУУ (РАДИКАЛДУУ) ТҮРДӨ ДАЯР ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ ЖАНА ТЕЙЛӨӨЛӨРДҮ ЭКСПОРТТООГО БАГЫТТАЛГАН РЕФОРМАГА барууну сунуштайт элем. Эмне себептен мамлекет бул кадамдарга баруусу зарыл?
Даяр продукцияларды жана тейлөөлөрдү экспорттоого багытталган реформага барышыбыз керек
1) Экспортту жандадырбасак, глобализация шартында Кыргыз мамлекети импорттон көз каранды өлкөгө айланып калышы ыктымал.
2) Кыргыз мамлекетинде башка өлкөлөр сыяктуу киреше түшүп турган «газ, нефть» деген ресурстар жокко эсе. Ошондуктан, Кыргызстан үчүн даяр продукцияларды жана тейлөөлөрдү экспорттоо аркылуу киреше табуу эң эффективдүү булактардын бири. Ал эми, биз үчүн ата-бабаларыбыз кара жанын карч уруп, коргоп келген керемет жерлерибизди жана кен-байлыктарыбызды сатуу жолу, же болбосо, жети облусубузду жети өлкөгө карматып койуу – наадандык жана чыккынчылык!
3) Кыргызстандын рыногу кичинекей. Миграцияны эске алганда, 4 миллионго жакын калкы бар өлкө. Ал эми, мындай көлөмдөгү рынок менен өлкөбүздү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Кыргызстан атаандаштыкка жөндөмдүү даяр продукциялар жана тейлөөлөр аркылуу эл аралык рынокторду багындыруу жана рынокту кеңейтүү менен кана өсүп, өнүгө алат. Ансыз, өнүгүүгө бир да жол жок!
4) Өзүңүздөр билгендей, бүгүнкү кундө Кыргызстандын күндөн күнгө өсүп келе жаткан тышкы карызы ар бир кыргыз жарандарынын жүрөгүн өйүтпөй койбосо керек. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду (45 пайызы кытай банкына таандык). Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 56 пайызын түзөт. Ал арада эксперттер тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60 пайыздан ашпашы керектигин билдирип келишет. Ал эми, тышкы карызды төлөөнүн эң эффективдүү жолу – даяр продукцияларды жана тейлөөлөрдү эл аралык рынокко экспорттоодон түшкөн киреше болуп эсептелинет. Антпесе, аттуу-баштууларыбыз дароо женил жолуна качып, карыздын ордуна жерибизди, кен-байлыгыбызды кармата коюушу да ыктымаал. Алыс барбай, коңшу өлкөбуз – Тажикистанды алсак, 2 жыл мурун Душанбе-2 ТЭЦин модернизациялоого керектелген карызды жабуу үчүн Тажикистандын Согд аймагындагы алтын кенин Кытайга өткөрүп берди. Ал эми, кенди кытайлык ТВЕА компаниясы иштеп чыгаары коомчулука да маалым болду. Тажикистандын басып келе жаткан кадамдары, бизде болуп жаткан акыркы окуяларга төп келип жаткандыгы да келечегибиз үчүн тынчсыздандырбай койбойт.
5) Мамлекетте экспорттун көптүгү, улуттук валютанын туруктуулугун камсыздайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы импорттун көлөмү экспорттон 5 эсе жогору. Бул көрүнүш Кыргызстанда өндүрүштүн деңгээли төмөн, алсыз жана атаандаштыка жөндөмсуз экендигин көрсөтүп турат. Ал эми, мындай жагдай мамлекеттин импорттун көз карандылыгына жана долларга суроо-талаптын жогорулашына алып келет. Ошол себептүү, учурда Кыргызстанда долларга болгон суроо-талап жогорулап, улуттук валютабыздын куну түшүп кеткенине күбө болуп жатабыз. Мунун айынан көптөгөн өндүрүүчүлөр, ишкерлер, бизнесмендер, карызга бергендер жана алгандар банкроттун алдында азап тартып жатышат.
6) Өлкөдө экспорттун көлөмүнүн көтөрүлүүсү мамлекеттик бюджеттин дефицитинин кыскаруусуна алып келет. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын жогрулатууга да мүмкүнчүлүктөр пайда болмок. Белгилей кетсек, 2018-жылы бюджеттин дефицити 432 млн 307.7 миң сомду түзгөн. Эгерде, өлкөдө экспорттун көлөмү импорттон аз болуп, өлкөдө бюджеттин тартыштыгы орун алса, анда врачтардын, мугалимдердин айлык акыларын жогорулатабыз дегенибиз бекер кеп болуп калат!
Нурлан Токобаев, экономист
Булак:NazarNews.kg