www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дартты тоокко өткөргөнгө ишенесиңби?

Турмушта кызыктуу окуялар көп болот экен. Андайга көбү ишенбесе да айрымдарына өзүң күбө болгондо айла жок ынанат экенсиң – деп бир кызыктуу окуяны  Садыр деген жакын таанышым айтып берди. Анда эмесе окуянын ток этер жерин гана баяндап берели.

- Менин беш жаштагы небереме бир балээ жабышты да калды. Доктур дегендин эшигин тыта берип шаабайыбыз сууду. Рентгенге түшүргүлө десе анысын кылабыз. Анализ тапшыргыла десе мунусун аткарабыз. Жасабаган амалдарыбыз  деле калбады окшойт. Тилекке каршы доктурлардын аракетинен майнап чыкпады. Кыскасы, дартын таба алышпай эстери ооду. Биздин да айлабыз кетип шалдайып отуруп калдык. Тигил бечара кыздын күн өткөн сайын оорусу күчөп эки эле көзү калды тостоюп.

- Бир күнү Тунгуч тарапта бир кемпир бар, ошого барып көрбөйсүнөрбү?, - деп калды бир бөлөбүз. Илгери үмүт деген тим отургузабы? Кыдырып жүрүп баягы кемпирдин дарегин таптык. Неберебизди алып кирип, алдына олтургуздук. Тигил кемпир кыйлага чейин кызды карап туруп, бизге кайрылды.

 - Бир тоок сатып алып кызыңарга он мүнөттөй колуна карматып койгула. Андан кийин кайра мага тоокту алып келгиле деп созун бүтүрдү. Биз ал кемпирдин тапшырмасын так өзүндөй орундаттык да кайра ошол дарекке келдик. Баягы тооктун канын жерге тамызбай өзүмө  сойдурду. Тооктун жүнүн жулуп, кадимкидей жиликтедим. Бөйрөк, боор, жүрөгүн да ортого койдум.

- И-ии мына тооктун бөйрөгү эзилип кетиптир, көрдүңөрбү? Көрсө доктурлар ийне сая берип, дары бере берип бөйрөктү жайлашыптыр. Мына сол бутунун өңү боз болуп турат. Оору сол бутка түшүп, кыз басалбай калган турбайбы, - деп тигил кемпир биздин оозубузду ачырды. Андан кийин дагы эки тоокту кызга он мүнөт карматып, баягыдай сойдук да этин ортого таштадык. Бара-бара тооктун ооруулары чыга баштады. Бирок мындай учурда тооктун этин жедирбейт экен. Адам көп баспаган жерге көмүү керектигин да билдик. Ошентип неберебиздин оорусун үч тоокко өткөрүп айыктырган кемпирдин өнөрү биздин көөнүбүзгө кыттай уюду. Ал эми неберебиз азыр чуркап ойноп жүрөт.

С.Жороев

Булак: Ачык сөз

Последние новости