www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бийликти сындагандарга эскертүүсү боюнча жана чет өлкөгө барып келип жатканы тууралуу пикирин билдирди. Эл өкүлү Facebook баракчасына “биздин өлкөдө элди коркута албайсың” деп жазып чыкты.
“Тажрыйбалуу саясатчы Камчыбек Ташиевдин ушундай сөздөрдү айтканы өкүнүчтүү. Элди, массалык маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуу учурда биздин өлкөдө мүмкүн эмес. Буга чейин дагы аракет кылышкан. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана анын туугандары, балдары, Атамбаев, Жээнбеков баарыбыздин эсибизде”, - деди депутат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында айрым жарандарды жана саясатчыларды бийликти сындаганы үчүн айыптады жана аларга чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал "азыркы бийлик мындан ары революцияга жол бербейт" деп айтты.
Камчыбек Ташиев былтыр парламенттик шайлоодогу нааразылыктан улам тутанган, бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан кийин УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg