www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды учурда Анкарадагы Терроризмге каршы бөлүмдө кармалып турат. Бул тууралуу анын адвокаты жана күйөө баласы Халил Ибрахим Йылмаз “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Адвокаттын айтымында, учурда Инанды менен жолугуу мүмкүнчүлүгү боло элек.

“Азырынча Орхан Инанды менен жолуктуруша элек. Чектөөлөр бар деп жатышат. Ага козголгон кылмыш ишинде “жашыруун” деген гриф бар экенин айтышууда. Кийим-кечесин гана бере алдык”, - деди Йылмаз.

Адвокат Инандынын Кыргызстандан кандай жол менен алып келингени, саламаттыгы тууралуу эч нерсе билбей турганын кошумчалады.

Халил Ибрахим Йылмаз "Сапаттын" президентине кандай айып тагылганы боюнча расмий маалыматы жок экенин, “террордук уюмга мүчө болгон” деген күнөө тагылышы мүмкүн экенин божомолдоду.

Буга чейин Түркиядагы "Демирөрен" маалымат агенттиги Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторунда 11-июлга чейин калтырылганын жазган. Бирок Инандыга кайсыл берене боюнча айып тагылганы так айтыла элек. Буга чейин "Анадолу" маалымат агенттиги Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын билдирген эле.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Түркия ал түрк жарандыгынан да чыкпаганын билдирген.

Кыргызстанда Орхан Инандынын тарапкерлери буга чейин нааразылык акцияларын өткөрүп, өлкөгө кайтарып алууну талап кылып жатышат.

Булак: Азаттык

Последние новости