www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиевдин тарапташы журналисттерге жана коомчулукка Кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

--Бүгүнкү бийликти сындап, каралап, айласын кетирип турганга шылтоо таппай тургандарга УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынында айткандары майдай эле жакты окшойт. Ташиев өзүнүн алабарман мүнөзүнө салып, бийликти жалган жалаалар менен сындагандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн, андай каралоолор менен кимдердин алектенип келатышкандары боюнча маалыматтары бар экендигин айтканын айрымдар башка өңүттө бурмалап таркатып жатышат. Бирок Ташиевдин айтканында чындык бар болуп жатпайбы.

Ал коомчулукта айрымдар жоопкерчилик дегенди такыр билишпей, ойлоруна келгенди, жалганды чын, чынды жалган кылып, маалыматтарды таратышып, элди бийликке каршы тукуруу менен алектенип калышкандыгын, коомду радикалдаштыруу жүрүп жатканын айтты. Бул чындык да! Азыр фейк дегендерге жамынып алышып эмнелерди гана жазышпай жатышат! Ташиев ошондойлорго чаралар көрүлөрүн айтты, жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул колдоого аларлык нерсе.

Албетте, андайларга чаралар көрүлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралышы керек! Ага окшогондордун аракеттери элдин биримдигине, өлкөнүн тынчтыгына гана доо кетирет. Эркин токойдун карышкырындай болгон бандиттер, ээси жок үйдү тоногон уурулардай болгон коррупционерлер көзүңөрдү ачкыла, силердин дооруңар бүттү. Кыргыздан башканы бийик койгон намыссыздар, өз өлкөсүн акча үчүн саткан саткындар, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды сыртка ташыган чыккынчылар, жан соогалап, арыз арманын четтиктерге даттанган НПОлор, алсыз саясий лидерлер, улуттун менталитетин талкалагысы келген көгүш шерменделер- силердин да келечегиңер бүдөмүк,мыйзам менен жашаганга убакытыңар келди. Мыйзамдан чыксаңар шакалдардай атыласыңар.

Алдыбызда Садыр Жапаровдой эрктүү президентибиз, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдей духтуу лидерибиз, артында мекенин сүйгөн мекенчил уул- кыздарыбыз турганда түнү жортуп тоногонго, казынаны тешкенге, арам акчанын күчү менен өлкөмдүн тынчтыгын бузганга, арман айтып сыртка чуркап барып саткандарга жол бербейбиз. Урматка татыган да, татыбаган да Министрлер, губернатор, акимдер жана башка мамлекеттик кызматкерлер- силер эки лидердин оозун карап отура бербей, кайдан чөнтөк толот экен деп ойлонуп турбай иштегиле, изденгиле.Акчага көзүңөрдү кызартып же жердешимди кызматка коё калайын деп убакытты өткөрбөгүлө. Ичип алып кабинетте "Covid" болуп калыпмын деп, алдап отурганыңарды токтоткула! Андай ичкиңер келсе үйүңөргө барып алып ичкиле.(негизи иче турган мезгил эмес) Президентти, Камчыбек Кыдыршаевичти уят кылбай кеткиле!

Урматтуу журналисттер, блогерлер жана башка маалымат каражаттары, сиздерден да өтүнүч; Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичке гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берип койгонсуп сындабай колдоп тургула. Маалыматты бурмалап, тукумга кыр чыгарбай түз жеткиргиле, азыр бурмалап сын айтуу учур эмес. Буюртма аткаргандар, буюртма аткаруунун да аягы тез эле келет, ошондон алыс болгула!

Урматтуу Кыргызстандыктар, азыркы учурда С.Жапаров менен К.Ташиев агаларыбыз өлкөбүздүн алсыз экономикасын көтөрсөм деп түн уйкуларын бөлүп иштеп жатышса, чек арабызды чечүүгө аракет кылып жатканда, ажыдаар Кум-Төр мафиясы талкалап, кыргызга иштегидей кылайын деп дүйнөлүк мафия менен күрөшүп жатышканда, сырттан жерибизге көз арткан агрессорлор менен менен кармашып, алардын тилин таап, жергебизге тынчтык орнотуп жатканда, сырткы карызды төлөөнүн жолун таап, элимди жыргатсам деп турганда, ичтен чыккан ийри жылан болбой, бири-бирибизди кубаттап, колдоп туралы! ЫРЫС АЛДЫ- ЫНТЫМАК!

Сиздерди урматтоо менен Шүкүрбек Эркебаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости