www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» жарлыкка кол койду.

Мындай чечим этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарлыкта жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткаруу, жасалган иштер жөнүндө маалыматты президенттик администрациянын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип туруу тапшырылды.

Жободо жеңилдетилген тартипте жарандык алууга керектүү документтер жана бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн. Документ менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости