www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыкананын даамын таткан Дамира Абаскановна Убактылуу Өкмөт учурунда Саламаттыкты сактоо министри катары элди дарылабаса да дарыканасын (аптекасын) көктөтүп алды. Кыргызстан боюнча эки жүздөн ашуун дары-дармек жаатында ишканалар болсо, учурда негизинен 20-30 гана компания дарыларды сатып рынокту көзөмөлдөөдө. Ал эми ал 30 компания өз кезегинде, болгону бир ууч 6-7 адамдын эле карамагына таандык. Ниязалиева, Акжолтоев, Эсенбеков, Садырбеков, Чолпонбаев, Чумаева, Турдубаев, Шакиров жана башка аптеканын кожоюндары эл мүдөөсүн эске алып, сатыктагы дары-дармектердин баасын төмөндөтүп арзаныраак сатышса, калктын кыжырына тийбей, батасын алышат эле. Буларды ким контролдойт, министрдин орун басары Каратаев Мадемин кара талааны карап жатабы? Баса, ал Ниязалиеванын учурунда деле орун басары болсо керек. Бир ууч шылуундардын кыймылын контролго ала турган расмий орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыз кылчу департамент (ДЛО -департамент лекарственного обеспечения) талкан сугунгандай эле кырдаалды өз көзөмөлүнөн чыгарып коюшту. Баягы эле жок болгус коррупция. Уруксат кагаздарын берген орган ала тургандарын алып, кекиртегинен тоголотуп жибергенден кийин, кантип кайра көзөмөл жүргүзөт эле?

Булардын анын ичинде Дамира Ниязалиеванын аптека түйүндөрүндө дары-дармектер кымбат сатылып, капчыгы “капитальный” кампайып алды. Дамира Ниязалиеванын аптекаларында дарылар асманды чапчып турат. Коронавирустан карапайым эл кыйналып, жаны жер тартып, ооруп, кара жаны каржалып турат. Капчыгында сокур тыйыны жок, жалдырап караганы мамлекеттик гумжардам болуп турганда, мамлекетибиз мамлекеттей болуп толук кандуу элин колдоп кете албай, мажүрөөлүккө белинен батып, колдон келген чараларын тыңгылыктуу ишке ашыра албай турган учурда элдин убалы кимге?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости