www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Forbes.uz Өзбекстандагы эң популярдуу 15 блогердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Тизмеге Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева да кирди.

Басылма тизмени түзүүдө Телеграм каналдардын рейтингин аныктаган uz.tgstat.com порталындагы маалыматтарды колдонгонун билдирди.

Өзбекстандык котормочу Ахрор Шарипов тизмеге Умид Гафуров, Отабек Бакиров, Темурмалик Тожиддинзода, Дима Каюм, Зафар Салижонов сыяктуу белгилүү блогерлер кирбей калганын сындады.

«Чынын айтсам, бул рейтингдеги блогерлердин үчөөнү гана тааныйм. Бир блогердин ырларын угам, ал эми дагы бир «блогерди» президенттин кызы катары билем», - деди Ахрор Шарипов.

Forbes.uz рейтинги боюнча Саида Мирзиёева эң белгилүү өзбек блогерлеринин бири. Учурда Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости