www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июлда бизнестин бир нече түрлөрү жабылып, кээ бирлерине белгиленген бир убакытта гана иштөөгө уруксат берилет.

Чектөөнүн негизинде иштеген тармактар:

Коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси) иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Ортодо жети саат тыным алат. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү такыр каттабайт;

Такси кызматына иш күндөрү чектөө коюлган эмес, дем алыш күндөрү гана иштебейт;

Кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;

Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт;

Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дө ачылып, кечки 17:00дө жабылат.

Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган тармактар:

Велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар. Жалпы жонунан көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;

Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Эрежеге баш ийбегендердин жарыгы менен суусу өчүрүлөт;

Балдар оюн-зоок мекемелери, футбол жана ойноо аянтчалары;

Мындан сырткары, мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Ал эми ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жайларга күн сайын рейд жүргүзүлүп турат. Санитардык нормаларды аткарбагандарга эскертүүсүз айып салынары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости