www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаарда карантин тартибин бузгандар боюнча чаралар катаалдаша турганын билдирди.

"Рейддердин саны да көбөйөт. Айып пул эскертүү берилбей эле дароо салынат”, - деди Суракматов.

Мэрдин айтымында, тиешелүү жетекчилерге Бишкектеги төрт райондо күн сайын текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу тапшырма берилди. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспорт жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат.

Кечээ, 1-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Бишкекте жаңы иш тартиби бектилгенин жарыялаган. Ага ылайык, коомдук транспорттун, тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт.

Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Кафелерге, ресторандарга, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости