www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирустук инфекцияга каршы 141 вакцина өндүрүлүп жатат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, COVID-19 тууралуу маалыматтар интернет желесине жайылгандан кийин эле вакцина иштеп чыгуу боюнча иштер башталганы, учурда инфекцияга каршы күрөшүү үчүн 141 вакцина өндүрүлүп жатканы айтылат.

"Эң алдыңкы делинген өндүрүүчүлөрдүн ийгилигине 1 айдан кийин күбө болушубуз мүмкүн. Албетте, вакцина толук кандуу дарылайт же коргойт деп кепилдик бере албайбыз, бирок жакшыдан үмүт кылабыз", - деген Тедрос Гебреисус.

Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө 10 миллион 662 миң 993 адамга вирус жуккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости