www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып жатат. Ага ылайык, москвалыктардын 62,3 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун, 37,67 пайызы каршы экенин билдиришкен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Нижегород облусунда добуш бергендердин 59,69% өзгөртүүнүн колдосо, 40,31 пайызы каршы болгонун "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Дистанциялык-электрондук добуш берүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Москвада онлайн добуш берген 601 061 жаран Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон. 363 341 киши ага каршылык билдирген.

Нижегород облусунда 75 073 киши кубаттаса, 50 700ү каршы добуш берген.

Эки аймакта электрондук добуш берүүгө катталгандардын 93,02 пайызы катышканы жарыяланды. Добуш берүү үчүн Москвада 1,05 миллион, Нижегород аймагында 139 миңден ашык шайлоочу каттоодон өткөн.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Орусиянын бардык аймагында 96 миңден ашык, дүйнөнүн 144 өлкөсүндө 250дөн көп добушкана ачылды. Коронавирус пандемиясынан улам айрым жерлерде шайлоо бекеттери эшикте, чатырларда уюштурулду. 21-июнга чейин арыз бергендер үйлөрүнөн добуш берүүгө катышты.

Москва менен Нижегород облусунда эл 25-30-июнь күндөрү да добуш беришти. Москвада почта аркылуу добуш берүүгө бир миллиондон ашык жаран арыз жазган.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышуусуна жол ачкан жобо болуп саналат.​

Владимир Путин ушул жылдын башында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган жана жалпы элдик референдум алгач 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирустан улам анын мөөнөтү кийинкиге жылган. Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы деп сындап, жарандарды добуш берүүдөн баш тартууга чакырып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости