www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майк Помпео “Твиттердеги” баракчасына АКШ мындан ары да Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн жактай турганын жазды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азиядагы кесиптештери менен С5+1 форматында өткөргөн онлайн жолугушууну жогору баалады.
АКШ жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусу 30-июнда онлайн режимде өткөн.
Тажикстан Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, тараптар COVID-19га каршы күрөшүү жана анын саламаттык сактоо тармагы менен экономикага тийгизип жаткан кедергисин, аймактык кызматташууну кеңейтүү аркылуу экономикалык туруктуулукту жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Отурумда Кошмо Штаттар Борбор Азия чөлкөмүндө экономиканын өнүгүшү жана сооданын кеңейиши үчүн өз потенциалын колдонууга даяр экенин билдирген.
«С5 + 1» тобунун жолугушуусу 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул форматтагы жолугушуу Кошмо Штаттар менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилени бекемдөөгө багытталган.
Булак: NazarNews.kg