www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага - ооз толо айтылат. Бирок, ордундагы адам татыксыз... «Маяне» Дастан Жумабеков менен «Сексалю» Тазабек Икрамов «Кыргызстан» партиясы аркылуу парламенттик шайлоого барышары жашыруун эмес.

Аныгында, экөө алдыңкы катардагы тизмеде аттанышса, көпчүлүк катмар арагын ичип, акчасын алышса да добуш бербей коюшары ырас.

Себеби, коомчулук буларга тоюп бүтүштү. Депутаттык кызматты булгашканы, «кошоматка кой союшканы», сабатсыздар, элементардуу шартта көп катачылыктарды кетиришкени элдин эсинен кетпейт да, туурабы? Дал ушулардын айынан «Кыргызстан» партиясынын ээри кыйшык токулса, Канатбек Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун 5 жылдан берки эмгектери талаага кете турганы, кадимкидей калк арасында ишенбөөчүлүк, коркунуч жаралганы бышык.

Мындай жагдайда чечкиндүү гана кадамдар керек го? А болбосо алдын ала эле партиянын элге жек көрүнөрү ажеп эмес. Ансыз да сын пикирлер жетиштүү айтылууда. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» дегенчеликке барбай, күтүүсүз бурулушка үмүт кылсакчы? Кээде жаның ооруса да шишиген, ириң баскан жериңди кесип ыргытууга туура келет. Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамовго карай башка салыштырууну айтып не? Түшүнүктүү да...

Булак: АЗИЯnews

Последние новости