www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Реакция» аталышындагы митингде Өмүрбек Текебаевге эки-үч баланын тийишкени, популистке теңеп, тескери сүйлөгөндөрү реалдуу эле көрүнүш. Элдин баарына жакпайсың да. Ошол эле маалда акцияга катышуучулардын көпчүлүгү Текебаевдин келгенин, колдоп атканын жылуу кабыл алышты... Маселенин маңызы башкада, дал ушундай жагымсыз көрүнүштү «Ата Мекен» партиясынын атаандаштары пайдаланышып, соцтамактарда айгай салышуу менен көбүртүп-жабыртышып, жаманатты кылууга далбасташты.
Ооба, жагымсыз болду. «Ата Мекендин» пиарщиктери лидерин коргоп калууга, оро-парадан бурулуш жасап кетүүгө, каршылык көрсөтүүгө анчейин алдары жеткен жок.
Демек, шайлоого карай Текебаев пиар кампаниясын күчтөндүрүп, күрөшүүчү талаада маалыматтык саясатын алгылыктуу, таасирдүү кылууну эмитен ойлонушу кажет. А болбосо шайлоо астындагы «кылчайнашууда» бозала чаңга батып калышпаса (!) деген гана ой.
Булак: АЗИЯnews