www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармекти экспорттоого тыюу салынды

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу айрым дары-дармектерди чет өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу жөнүндө өкмөт токтом чыгарды. Зарыл дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын сыртка сатылбашын аталган департамент жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) көзөмөл кылат. 

Белгилей кетсек,пандемия башталган март айларында Кыргызстанда беткап, санитайзер таңсыктыгы жаралып, өкмөт буларды экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Таңсыктык жоюлган соң тыюу алынган.

8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 345 адам аныкталды. Өлкөдө короанвирусту жуктургандардын жалпы саны 8 миң 847ге жетти. Ал эми оорудан 112 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости