www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 7-июлунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси А.Бекназаров Малайзиянын королуна Кыргыз Республикасынын Президентинин ишеним грамматасын расмий тапшырды.

Элчи Азимбек Бекназаров королго ишеним баракты малай тилинде сүйлөп тапшырганын Малайзиянын королу, баарлашуу бөлмөсундө дагы бир жолу ыраазычылык менен белгилеп, 7 жыл мурда Кыргызстанда болгонун “Хаят” мейманканасында 5-6 күн жашаганын, жылкынын эти (учасы) ошондо аябай жакканын, кошумчалады.

Нет описания.

Элчи А.Бекназаров  өз кезегинде королго, Кыргызстанга дагы бир жолу эми король катары расмий иш сапар менен келип кетүүнү өтүндү. Ошондой эле Малайзиянын королевасы А.Бекназаровдун жубайынын улуттук кийимине кызыгып, кыргыздын боз үйүнө суктанганын билдирген.

Нет описания.

Эске сала кетсек ишеним грамматасын тапшыруу аземине, Малайзиянын тышкы иштер министри жана башка расмий адамдар катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости