www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№1 шаардык клиникалык оорукананын башкы врачы Жусуп Бошкоев хирург Дөөлөт Ибраимовдун айткандарын четке кагууда. Ал бул тууралуу жергиликтүү маалымат булагына билдирди.

Анын айтымында, бардык дарыгерлер ЖКК менен камсыздалган, резерв дагы 20 күнгө жетет. Ошондой эле ал дарыгер айткан жеке клиника оорукананын сыртында жайгашкандыгын белгиледи.

«Менин бул клиникага эч кандай тиешем жок. Бирок Дөөлөт Ибраимов – даттанууга көнгөн чуулгандуу адам. Март айында ал кесиптештерине каршы арыз жазган, бирок кийинчерээк тастыкталган эмес. Мен аны сотко бермекмин, бирок азыркы абалда жумушту таштап соттошо албайм”, – дейт Жусуп Бошкоев.

Анын айтымында, Дөөлөт Ибраимов кезектеги дарыгерлер тобу менен кызыл зонада кийинки жумада күзөттө болушу керек болчу. «Бирок ал суранып, бир кесиптешинин ордуна келди. Себеби, Ибраимовдун эжеси жана аялы ошол жумада ооруп калышыптыр”, – деди Жусуп Бошкоев.

Оорукананын башкы дарыгери бейтаптардын арасында тааныштары, туугандары жок деп ишендирет. Ошондой эле ал кызматкерлерге орундарды ээлөө жөнүндө көрсөтмө жазгандыгын четке какты.

“Менин аялым пневмония менен ооруп, анын абалы оор. Мен аны ооруканага жаткырган да жокмун. Ал эми Дөөлөт Ибраимов өзүнүн туугандарын дарылап жатат.
Менин өпкөлөрүм дагы 25 пайыз жабыркады. Видеодо Дөөлөт Ибраимов ооруп жаткандыгын, бирок ооруканага жаткыруудан баш тартып, ишин улантып жатканын айтат. Бул видео билдирүүнү жаздырган күнү анын ден-соолугу жакшы болгонун жана ал тургай мени менен урушуп чыр чыгарганын далилдеп бере алам», – деди башкы дарыгер.

Ошондой эле ал дарыгер Дөөлөт Ибраимов бейтап туташтырылган кислороддук аппаратты эжесине алып кетип калгандыгы боюнча да текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди. Бирок кийинчерээк. Азыр тергөө жүргүзүүгө убакыт жок, өтө оор абалда бейтаптар келип жатышат.

Эске салсак, №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов Facebookта бийликтерге видео билдирүү жарыялаган. Ал ооруканада ЖКК жоктугун, дарыгерлер ооруп жатышканын, башкы дарыгер Жусуп Бошкоев досторуна керебеттерди брондоп жана байкоо эрежелерин бузуп жатканын айткан.

Бүгүн, 9-июлдагы онлайн жыйында Айнура Акматова бул иш боюнча комиссия түзүлгөнүн жана териштирүү жүрө турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости