www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жашоого маанилүү дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын Улуттук тизмегин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аныктоо.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости