www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубанын борбор шаары Гаванада жүргүнчү учагы учкандан кийин кырсыкка учурады.

104 жүргүнчү менен 9 экипаж болгон Boeing 737 моделиндеги учактан 3 гана киши кутулду.

Мамлекеттин расмий гезити «Гранма» ооруканада дарыланып жаткан 3 кишинин абалынын оор экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы  Мигель Марио Диас-Канел Бермудес көп сандаган жогорку мартабалуу жетекчи менен бирге учак кырсыгы болгон жерге барды.

Учактын эмне себептен кырсыкка учурагандыгы азырынча белгисиз.

Гавананын Хосе Марти эл аралык аэропортунан  Ольгинге баруу үчүн учкан учактын «Cubana» аба жолу тарабынан мексикалык бир фирмадан арендага алынгандыгы билдирилди.

Эскерте кетсек Кубанын Артемиса шаарында өткөн жылы бир аскердик учак кырсыкка учурап, кырсыкта 8 киши каза болгон.

2010 -  жылы да Сантьяго-Гавана каттамына чыккан бир жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашы менен 68 киши каза болгон.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости