www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустук инфекция адамдардын интеллектин — акыл-эсин төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Новосибирск шаарындагы №3 психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Яна Мохначева ngs.ru порталына билдирген.
Дарыгердин айтымында, COVID-19 менен ооруп айыккан адамдарда когнитивдик функциялардын төмөндөшү — эс тутум жана интеллектуалдык функциялардын начарлаганы байкалган. Аны калыбына келтирүү 4-8 айды талап кылат.
"Инфекция адам ооруп жатканда жана айыгуу маалында психикалык жактан таасир этет. Ооруну башынан өткөргөн улгайган кишилердин көбү эс тутумунан ажырап, алсыз болуп калууда", — деп айткан Мохначева.
Когнитивдик оорулар менен жаштар дагы жабыркайт. Коронавируска чалдыккан адамдар дүрбөлөңгө түшүп, депрессия, невроз болуп жана коркуп калары белгиленет. Ал эми бир пайыздан төмөнүрөөгү психозго кабылары айтылды.
Булак: NazarNews.kg