www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен ооруп айыккан АКШ президенти Дональд Трамптын бул илдетти башкаларга жуктуруу коркунучу жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын дарыгери Шон Конлиге таянуу менен жазды.

"Президенттен кайталап алынган ПЦР-тести таза чыкты. Эми башкаларга вирусту жугузуу тобокелчилиги жок", — деген дарыгер.

Ошондой эле Трампты сакайткан адам анын дене табы көтөрүлбөй, коронавирустун бир катар симптомдорунан арылганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, октябрдын башында Американын лидери Дональд Трамп менен канайым Мелания Трамптан коронавирус аныкталган. Ал ортодо Трамптын абалы кескин начарлап кеткени, кайра өзүн жакшы сезип калганы айтылган. Үч күн ооруканада жаткандан кийин үйүнө чыгарылып, коронавируска улам тест тапшырып жаткан.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости