www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда президенттик шайлоо башталып, саат сегизде өлкөдө 3 414 добуш берүү участогу ачылды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Маалыматка карганда, Тажикстандыктар кийинки башчысын беш талапкердин арасынан тандап жатышат. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев.

Белгилей кетсек, бул өлкөдөгү алтынчы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынан келген эл аралык байкоочулар көз салып турат.

Эске салсак, бул жолку шайлоону Тажистандын Борбордук шайлоо комсиссиясы убактысынан бир ай мурда белгилеген. Анда дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жүргөн тажикстандыктар дагы добуш бере алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости