www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-түрк ооруканасында COVID-19 менен ооругандар үчүн орун калбай калды. Бул тууралуу Telegram каналында хирург Эрмек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, дагы кошумча стационар ачылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан COVID-19 менен ооругандарды Улуттук госпитал кабыл ала баштагандыгын билдирди.

«Бишкекте COVID-19 менен ооругандарды  № 1 шаардык клиникалык оорукана, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Улуттук фтизиатрия борбору жана Улуттук госпитал кабыл алышат. Керек болсо, керебеттер башка саламаттыкты сактоо уюмдарына жайгаштырылат», – деп белгилешти департаменттен.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-октябрда республикалык штаб сутка ичинде оорулардын саны 307, каза болгондор 5ти түзгөндүгүн билдирди. “Бул акыркы күндөрү жана айларындагы жаңы рекорд”, – деп билдиришти штабдан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости