www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №1 оорукана боюнча маселени Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу 9-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул маселе Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда каралып, премьер-министр Кубатбек Боронов эртең комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө тапшырма берди.

"№1 оорукананын дарыгеринин видеосу социалдык түйүндөрдө тараган. Ал оорукананын башкы дарыгери бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай, ошол жердеги медицина кызматкерлеринин иш шартына көңүл бурбай жатканын айткан. Ошонун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинде атайын көз каранды эмес комиссия түзүлдү", - деди Акматова.

Белгилей кетсек, буга чейин оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуусун жарыялап, бул мекемеде жеке коргонуу каражаттары жетишпей, дарыгерлер ооруп, ал эми жетекчиси Жусуп Бошкоев обсервация эрежелерин бузуп жатканын айтып чыккан.

Башкы дарыгер Бошкоев бул дооматтарды четке кагып, коргонуу каражаттары жетиштүү экенин айткан жана Ибраимов менен соттошууга даяр экенин, бирок азыр антип териштирүүгө убакыт жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости