www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Кадырлуу калайык-калкым,

Урматтуу мекендештерим!

Дүйнө эли менен бирге, биз да капыстан келген илдетке туш болдук. Тарыхыбыздагы кыйын учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Бул апаат биздин элибизге да кайгы алып келди. Илдеттин кесепетинен ондогон мекендештерибизден айрылып калдык. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап, элим, жерим деп жашаган инсандарыбыз кайтыш болду.

Каза болгондордун жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Өз жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Дарыланып жаткан бейтаптарыбызга Кудай шыпаасын берсин деп тилейбиз.

Кадырлуу калайык-журтум!

Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги — элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз.

Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай, кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем.

Урматтуу кыргызстандыктар,

Адам өмүрү — баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ.

Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө.

Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке болгон талабы күчөөдө. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда.

Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм.

Бул 30 жылдан берки  топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз.

Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат!

Урматтуу элим, кадырлуу калкым,

Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардамдарын көрсөтүүдө.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү. Жоопкечилик — ар бирибизде. Ар бир жаран — өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Урматтуу мекендештерим,

Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер „жеп койду“ деген сөз.

Бул боюнча Өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Бизде ачык коом.

Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз.

Кадырлуу калайык-журтум!

Улутубуздун улуу инсаны Чынгыз Айтматов айткандай, бүгүн баарыбыз бир кайыктабыз.

Куттуу элибиз мындан катаал апаатты, мындан оор   кыйынчылыктарды жеңип, эл болуп, журт болуп, улут болуп ушул күнгө жеткенбиз.

Ата-бабабыз мураска калтырган ыйык өлкөбүзгө, элибиздин саламаттыгына аяр мамиле кылуу  жоопкерчилиги бизге жүктөлдү.

Тарых алдында, келечек урпактардын алдындагы жоопкерчилик, милдетибиз бийик.

Элибиздин, азыркы муундун кайраты, духу, руху оор сыноодон өтүп жатат.

Керемет кыргыз жерибиз, аскасы бийик Ала Тообуз, алтындан кымбат Ысык-Көлүбүз бар.

Бул баарыбызга түгөнбөс кайрат берет. Кыйынчылыкка башыбызды ийип, мүңкүрөп калган жокпуз.

Руху күчтүү элибиз, элине эмгек кылчу мамлекеттик бийлик бар.

Кыргыз кандай оор болуп турса да, „жакшымын“ дейт.

Жакшыны оозанган элди жараткан Кудай өзү колдойт.

Жараткан Кудайдын колдоосу менен, элибиздин биримдиги менен, буйруса, бул күндөрдөн да бийик абийир, ар-намыс менен өтөбүз.

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды  Кудайым Өзү колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости