www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлер акчалай компенсация алуу үчүн коронавирус инфекциясына атайын чалдыгып жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 23-июндагы брифингде билдирди. 

Анын айтымында, социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап, алардын арасында медициналык кызматкерлер 200 миң сом өлчөмүндө  каражат алуу үчүн атайын коронавирус менен ооруп жатышат дегендер дагы болууда. 

"Баарыбыз эле билгендей, илдетке чалдыккан медицина кызматкерлерине өкмөттүн буйругу менен ар бирине 200 миң сомдон берилет. Мындан улам коомчулукта 200 миң сомдон берүү бизнеске айланып кетти деген сөздөр жүрүүдө. Бул жерде эч кандай бизнес жок. Ар бир окуя боюнча тыкыр эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлөт. Дарыгерлердин арасында атайылап оору жуктургандар катталган жок. Ошол эле учурда өзүнүн жакындарынын, балдарынын ден соолугун кооптуулукка салып, бизнес жасоо мүмкүн эмес деп ойлойм. Андыктан, такталбаган маалыматты таратуу туура эмес. Мындай куру айыптоолор дарыгерлердин жумушун жокко чыгарууда. Бул абдан өкүнүчтүү", - деди Исмаилова.

Ошондой эле коронавирус бар экендигине шек санагандар тууралуу сөз кылып, бул илдеттен Кыргызстан гана эмес, дүйнө жүзү жабыркап жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости