www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум болуп өттү. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага соттун өкүмү чыкты. 

Соттук отурумда дарыгер Абдухалим Раимжанов бошотулду. "А.Раимжанов 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 348-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, жазык жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, жаза дайындалган жок", - деп айтылат соттун басма сөз кызматынын маалыматында. 

Ал эми ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жылга эркинен ажыратылды.

Эске сала кетсек, буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;

Академик, дарыгер Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоону суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости