www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда дарыгерлер чарчап калды деп каттоодон өткөрүп, өлүкканага киргизип койгон наристе тирүү болуп чыкты. Бул туурасында Риа новости жазган.

Мындай окуя өлкөнүн батышындагы Урмия шаарында катталган. Ооруканада жаткан алты айлык бөбөктү дарыгерлер карап, анын тирүү экенин байкабай чарчап калды деген тыянак чыгарышкан.

Андан соң наристени өлүкканага жөнөтүшөт. Бирок анын денесин жууп жатканда ымыркай тирүү экени аныкталган. Шаардык Тажыя кызматынын башчысы Амир Аббас Абедининин айтымында, мындай окуя наристенин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакасын карматты. Алар абдан толкунданып маңдай жарыла сүйүнүшкөн.

Булак: "sputnik.kg"

 

 

Последние новости