www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өндүрүш Токтонасыров ЖКнын таркашын талап кылып Ак үйдүн алдына нааразычылыгын билдирип чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди. 

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

Элдин басымдуу бөлүгү Рита Карасартова же Канат Азизбекти шайланышын колдоп жаткан. Жок дегенде Акыйкатчыны акыйкат шайлап алабыз деген үмүттө болгон.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытовду 79 депутат колдогон "Бир Бол" сунуш кылган Рита Карасартовага 9, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш, "Ата Мекен" көрсөткөн Канатбек Азизге 19 добуш тийген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости