www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Ак үйдү курууга алмаштырылган 16 гектар жерге көп кабаттуу үйлөр курулса бишкектиктер дем ала албай калат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентте билдирди.

Ал президент өзү 2021-жылдын 19-мартында "Экологиялык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө" жарлык чыгарганын, анда бийик имараттарды куруу-долбоорлоо талаптарын, ченемдерин кайра карап чыгуу камтылганын эске салды.

"Президенттик администрация ошол жарлык күчүндө экенин унутпашы керек. Жаңы Ак үй салууга калаанын түштүк тарабындагы 16 гектар жерди алмаштырып жатат. Ал жерге жаңы үйлөр курула турган болсо, кышында эмне болорун элестетип көрүңүздөр. Бишкекти канчалык ыш чулгайт, дем ала албай калабыз. Бишкектиктердин баары өпкөсү жок жүрүшү керекпи? Ансыз деле бизде онклогиялык, аллергиялык оорулар жана астма менен жабыркагандар көп. 16 гектар жерге бийик имараттарды куруп салса Бишкекте такыр эле аба аз болуп калат", — деди Бекешев.

Ошондой эле ал жыл сайын кышында депутаттар Бишкектин экологиясы тууралуу көйгөйлөрдү көтөрүп, бир бир нече токтом кабыл алышканын белгиледи.

Мындан улам депутат шаарга парктарды көбүрөөк курууну сунуштады.

Бишкек шаарынын түштүгүндөгү мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна жаңы Ак үйдүн курулушу башталды.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген. Инвесторлорго Бишкектин кайсы жеринен 16 гектар жер бериле турганы азырынча белгисиз.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Айрым күндөрү дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башына чыгат. Абанын булганышынын бир себеби катары автоунаалар экени айтылып жүрөт.

Последние новости