www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Тизме

Бүгүн, 21-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы «Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Төмөнкү аймактарда таза суу болбойт:

- Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;

- Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;

- Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Мэрия бул «Батыш-2» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара экендигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости