www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын башында депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароону сунуштады.

«Уу коргошун ичкенге убакыт табат, парламентке келгенге убактысы жок. 24 саат иштеп жатат дейт президент. Мүмкүн алар 24 саат резиденцияда отурат. Бул жакка келип, отчет берсин. Биз өзүбүз дагы күнөөлүүбүз, жаңы Конституцияны өткөрүп алып. Бул авторитардык режимдин көрсөткүчү. Министрлер парламентти сыйлабай калды. Керек болсо кээ бир депутаттарга чалып, кыйкырып атат ал министр, мен силерди мындай кылам, тигиндей кылам деп. Азыркы Конституция боюнча биз карап көрөлү, керек болсо ишенбөөчүлүк көрсөтөлү, жумуштан кетирели», - деди Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости