www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев коронавирус илдети акчасы жок адамдарга салык болуп калганын жана бет кап боюнча айып пул салуу туура эмес деп айтып өттү.
"Жарандар бет кабы жок жүрүшсө, маалым кат жок болсо айып пул салынат. Айып пул салуу туура эмес го дейм. Унааларыбыз жок болсо да жөө жүрөбүз", - деди Бекешев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул баарыбызга келген оорчулук экенин эскертти.
"Бул оорчулукта ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарыш керек. Мисалы, бет капты өзүңдүн ден соолугуңду сактабасаң да кийүү зарыл. Бет кап кийбеген жаран үйүнөн чыкпаш керек", - деди өкмөт башчы.
Булак: NazarNews.org