www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда илимдин канча кандидаты жана доктору бар? Мындай суроону Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге берди.

Жыйында “Илим жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жаткан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу окумуштуулардын саны 6886 экенин айтты. Анын ичинен 1809у илимдин доктору болсо, 5323ү илимдин кандидаты.

"Илимдин доктору жана кандидаты наамдарын азыр кантип алып жатышканын өзүңөр деле билесиңер. Орусчадан кыргызчага которуп алышат. Эч кандай антиплагиат текшербейт. Биздин белгилүү окумуштуулар деле өздөрүнүн докторлук же кандидаттык илимдерин көчүрүп алганы боюнча маселе көтөрүлгөн. Эгерде азыр текшерүүгө алсак, биз илимий ачылыштарды жасагандарды эмес, көчүрүп алгандарды көрөбүз. Гуманитардык илимдер фейк илимге айланып бара жатат.

Мына мен диссертациямды жактаганга атайын барган жокмун, анткени ал мага эмне үчүн керек? Кандидатмын деп мактаныш үчүнбү же ачылыш жасабай туруп, илимий даража алуу үчүнбү? Же жактоого келгендердин баарын саунага алып баруу үчүнбү?" — деди Бекешев.

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев Кыргызстан илимдин кандидаттары менен докторлорунун саны боюнча 51-орунда, бирок иш жүзүндө өлкөнүн деңгээли 121-орунда экенин айтты. "Эң негизги көйгөй – бул плагиат", - деп мойнуна алды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости