www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

AgoraVo басылмасынын жазганынан караганда Бразилия доллардан баш тартып, БРИКС уюмунун бирдиктүү валютасын чыгаруу сунушун айтып чыкты.  
Басылманын баяндамачысы Александр Лемуан: «БРИКСтин негизги мамлекеттеринен болгон Россия менен Кытайга карата АКШнын санкциялык саясаты күчтөндүрүлүп жатканда долларды пайдалануу максатсыз болуп жатат», - деп жазды. 

Анын белгилөөсүндө бирдиктүү валютанын негизделиши жакында болжолдонуп жаткан уюмдун курамы кеңейүүсүндө «өзгөчө маанилүү». Анткени буга чейин Сауд Аравиясы, Иран, Египет, Алжир, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмират өлкөлөрү БРИКС уюмуна кошулуу ниетин билдиришкен.  

Автордун айтымында Түштүк Африка Республикасы менен Бразилия өлкөлөрү долларга болгон күчтүү көз карандылыктан чыгуу үчүн жалпы бирдиктүү валюта киргизүү сунушун билдиришкен.  

Мисалы, Бразилиянын президенти Лула да Силва АКШнын чегинен тышкары доллардык ликвиддүүлүктү топтоо боюнча Вашингтондун аракеттеринен улам тынчсыздануусун билдирди. Андан тышкары Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары Кытай жана Россия менен ыңгайлуу кызматташууга тоскоолдуктарды жаратууда.  
Буга чейин да Бразилиянын президенти Лула да Силва бир канча жолу доллардан баш тартууга жана БРИКС уюмунун алкагында бирдиктүү валюта киргизүү сунушун көтөрүп келген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости