www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кызматтык унаасын тапшырып, кызматынан кетип жатканы тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
“Келерки жумада шайлоодо алдын ала уткан партиялар Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрө баштайт. VII чакырылыштын депутаттары расмий ант берген күндөн тарта VI чакырылыштын депутаттары ишин токтотот. Менде көп план жана милдеттерим бар, мамлекеттик кызматта 14 жылдык тажрыйба топтодум”, -дейт Бекешев.
Вчера сдал служебное авто. На этой неделе сдам кабинет. Со следующей недели партии начнут распределять кабинеты (если выборы пройдут гладко, дай Бог, чтоб так и было).
— Дастан Бекешев (@bekeshev) September 30, 2020
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы идеологиялык көз караштардан улам, “Ар-Намыс” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, өзүнүн командасы менен “Ак-Ниет” партиясын негиздеген.
2015-жылы “Ак-Ниет” партиясынын лидерлигинен баш тартып, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган.
Булак: NazarNews.kg