www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди

Кара-Кече көмүр кенинде электр линияларынын орду которулуп, жарык берилди. Бул тууралуу "Чыгыш электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган. 

Кара-Кече көмүр кенинде электр линияларынын орду которулуп, жарык берилди.

Жыйынтыгында электр зымдары жана мамылар жер көчкүнүн алдында калып, жарык үзгүлтүккө учураган. Андан сырткары, 38 электр мамысы көчкү алдында калуу коркунучу жаралган.

"Буга байланыштуу Кара-Кече көмүр кенине жарык жеткире турчу электр линияларынын орду которулду. Бул ишке "Чыгыш электр" ишканасынын Жумгал райондук электр тармагынын кызматкерлери тартылып, беш күн иштеди", — деп айтылат билдиүүдө.

Учурда көмүр кени толук жарык менен камсыз болгон.

На оползневом участке месторождения угля Кара-Кече провели электричество

На оползневом участке месторождения угля Кара-Кече провели электричество

Булак: NazarNews.kg

Последние новости