www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулууда.

Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Кыргызстан эл аралык соттон утулуп калса, жоопкерчиликти ким аларын сурады.

«Жеңгенге үмүт кылабыз, бирок утулуп калсак, терс таасирлери кандай болушу мүмкүн жана жоопкерчиликти ким алат?», - деп суроо салды депутат.

«Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров утабыз деп үмүттөнүп жатышканын айтты.

«Биз аларга каржылык санкцияны, айып пулду гана берип жатабыз. Айып пулду кайсы жерде болбосун далилдейбиз. Юристтер, экологдор менен даярданып жатабыз. 183 млн куб мөңгүлөрдү талкалаган. Сууларды дагы булгагандыгы боюнча, экология боюнча утууга даярданып жатабыз.

Экинчиси, Нью-Йорктогу сотко даярдануудабыз. 4 пайыз салыкты төлөшү керек. 2011-жылы каржы министри болуп келгенде формасын бекитип бергем, 1-апрелге чейин же аперлдин биринчи жумушчу күнүнө чейин бардык кирешенин 4 пайызын төлөп, андан кийин «Центерра» минералдык-чийки заттарга кеткен чыгымды далилдеши керек эле. Бул боюнча позицияларыбызды бекемдеп жатабыз. Бирок утулушубуз дагы мүмкүн.

2009-жылы өкмөт өзүнө милдет алып алган, мен «Центерранын» жактоочусу болом деп. Ошондуктан, биздин 4 жараныбыз 3 млрд 86 млн долларды утуп алды. Бул биздин экология боюнча койгон дообуз, 1 млрд 166 млн доллар — салык боюнча дообуз, экөөнү кошсоңор 4 млрд 200 млн доллардан ашат. Жалпы «Центерранын» капиталы, бүгүнкү күндө фонд биржасында баалары түшүп кетти, 4 млрд доллардын тегерегинде. Кумтөр кенинин бүгүнкү баасы 2 млрд доллардын тегерегинде турат.

Сүйлөшүү дагы бар. Бизде 2 жол бар — же ЗАГСка, же прокурорго. ЗАГСка барып, ажырашсак дагы болот, сүйлөшсөк дагы болот. Бирок биз айтып атабыз, кыргыздын кызыкчылыгы мындай, 80 пайыз алтын кыргыз тарапта болсо, «Центеррада» 50+1 пайыз акциясы болсо, макулбуз, 80 пайыз алтын Кыргызстандан чыгып жаткандан кийин, «Кумтөр Голд Компаниде» биздин үлүш 80-90 пайыз болуш керек. Же «Кумтөр Голд Компанини» 100 пайыз биз алалы, калган чыгашалуу долбоорлор менен өзүңөр кала бергиле деп жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости