www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам чыгарган депутаттар Кылмыш-Жаза кодексин тоготпушпайт. Бул мыйзам алар үчүн жазылган эмес, эл үчүн гана жазылган. Иса Өмүркуловдун баласы элди кумурскадай тебелеп көнүп деле калдык. Депутат Аалы Карашевдин бир кездеги губернатор атасы Азим Карашев аксакал башы менен киши тебелеп жаза тартпай жүрөт. Азим Карашев кайын агасы Усубалиевдин тушунда учкан куштай делбелектеп жүрүп Өзгөндү тейлеп калган. Акаевдин заманында Тогуз-Торо районун жетектеп, “Макмалалтындын” алтындарын өзү калагандай билчү, керек учурларда Акаевдин учагы менен Швейцарияга ташып кетчү. Ал уулу Аалыны балмуздак берип чоңойтуп жүрүп айтылуу акаевчил ичип-жегич Чолпон Баекованын сиңдисине үйлөнткөндө, алтындарын чачып Исанова көчөсүнө заңгыраган хансарайларды салдырып берген дешет. Хансарайлары өздөрүнө буюрсун, кийин Аалы Карашев хамалеончо терисин алмаштырып ким бийликке келсе, ошонун көчүгүн жыттап жүргөндө пенсионер Азим Карашев көчөдө кетип бара жаткан адамды тебелеп кетип, чымын чаккандай да көргөн жок.
Иса Өмүркуловдун баласын өткөндө жан досу Алмазбек Атамбаев президент болуп кылмыш жоопкерчилигинен куткарып калган. Иса Өмүркулов Атамбаевдин “истеблишменти” убакта жандосуна бакадай чардап берип, изин суутпай Беш-Күңгөйдөгү дачада стакан кагышып турган. Атамбаевдин жүгү оорлой баштаганда Исакебиз “журт атасына” бара турган чыйырлардын изин суутуп, ага жасаган мамилесин 180 градус буруп, журт атасын курт атасына бурган. Атамбаев камалган соң жан досун жамандаса тилинен кара түтүн чыгат. Иса Шейшенкулович Сооронбай Шариповичтин “истеблишменти” убагында албан таасирлерге ээ болуп, каалаган күнү акимдикти каалаган адамына туулган күнүнө “подарить” этип коюп, бул бийликтин “номенклатуралык” эрежесин бузуп жүрдү. Эмне акимдик кызмат туулган күнгө ыроологондой көйнөк беле?
Өмүркулов Исанын “истеблишменти” каякта, башка жакта таасирлерин коё туруп, өзү туулуп-өскөн Чүй аймагына келели, бул жакты чимирген Исакебиздин ал деми кандай:
1. Иса Өмүркулов чүйлүк солто эмес, чүйлүк сарбагыш да эмес, түбү Жумгалдан кубаланып келген саяк. Бирок Чүйдүн акимдерин каалашынча билет, каалашынча сорот.
2. Өз бир тууган эжеси Токмок шаардык билим берүү тармагын жетектейт. Ага таянып алып Иса Өмүркуловдун жакындары май-токочтуу мектептерди майтаңдап жетектеп, мантыгып алышкан.
3. “Искра” айылы жөн айыл эмес, “Искрадан” далай ирет “искра” чыгып, улут аралык уруштар чыгып турат. Ушул айылдагы мектепти Иса Өмүркуловдун балдызы жетектейт.
4. Жетектесе жетектей берсин, бирок анын “трайбалисттиги” Иса Өмүркуловдон ашып кетет. Окуучуларды көп сортко бөлөт. Мисалы, чүйлүктөрдү жогорку сорттогу окуучулар деп эсептейт. Боомдун ар жагынан келгендерди “саяк” деп экинчи сортко кошот. Ал эми ата-энеси Ош, Баткен, Жалал-Абаддан келгендерди үчүнчү сортко кошуп, бул окуучу балдарга жаман мамиле кылып, керек болсо сабакка катыштырбай, мектептен кетирүүгө дуушар кылат.
5. Иса Өмүркуловдун заманы бүтүп бараткандай. Анын жан досу, ал айткандай “журт атасы” Атамбаевди “кидать” этип кеткени, арамзалыгы жаңы бийликке деле жакпай турат. Экинчиден, анын тизгин талашып жарамсыз кадрларды ар кимге белекке берип жатканына бүгүнкү бийлик сүйүнмөк беле? Жакында шайлоо болсо Иса Өмүркуловду саясий аренадан жоготууну бул бийлик көздөп турган, ага жетпей эле Иса Өмүркуловдун уулу баягы шойкомун кайра баштады.
6. Иса Өмүркулов 2021-жылы СДПК менен келейин десе, СДПК жыдып калган. Башка партияга кошулайын десе, бул парламентте кылган кылыктары менен былыктары ага каскак болчудай. Бекер жеринен Иса Өмүркуловдун чачы заматта агараан жок.
«Ак шумкар» менен СДПК Бишкек мэрин талашып, Атамбаев Өмүркуловду мэр кылган
Иса Өмүркулов өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келсе да өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кирээри аңыз болуп айтылып келе жатат. Артынан чуулгандуу кеп-сөздөр дайыма коштоп келет. Негизгиси, кесиптеши Ирина Карамушкина таамай белгилегендей, анын кубулма позициясы, саткындыгы. Мына өзүн бийик даражага жеткирген Атамбаевди сатып, «мен ансыз деле жогорку кызматтарды аркалап келгенмин» таризинде анын далысына ууланган канжарды матырды. Анда өткөн тарыхты эске сала кетели. 2010-жылы 7-апрелде кечки саат жетилерде «Ак-Шумкар» партиясынын элүүдөй мүчөлөрү Бишкек шаардын мэриясына бийликти өткөрүп алууга барышкан эле. Мэр Нариман Түлеев имаратты толук кулпулап, кызматкерлери менен мэрияны таштап кетип калган. «Ак-Шумкарчылар» кире албай турушса, аларга сырттан байкап турган ошол кездеги шаардык кеңештин төрагасы, кийин мэр болгон Азиз Суракматов басып келип, ачкычтарды Түлеев өзү алып кеткенин, бирок имараттын ичинде жоон топ спортсмендер бар экенин айтат. «Ак-Шумкарчылар» терезеден киришип, эшикти ачышат. Спортсмендер арткы эшиктен качып чыгышат. «Ак -Шумкарчылар» мэрдин эшигин талкалабоону чечип, жыйындар залын ээлешип, мурдагы шаардык кеңештин төрагасы, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер Зоотбек Кыдыралиевди жаңы мэр кылып шайлашат. Ал командасы менен түнкү саат үчтөргө чейин иштеп, кайра эртеси саат сегиздерде келип, качып жүрүшкөн райакимдерди таап, шаардын кызматтарын ишке киргизип, абалды тездеп жөнгө сала баштайт. Бирок ошол күнү кечинде Убактылуу Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри,СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев шаар мэрлигине Иса Өмүркуловду коём деп чыгат. «Ак - Шумкарчылар» өз лидерлери, УӨ мүчөлөрү, вице-премьер-министр Темир Сариевге жана Абдыганы Эркебаевге чыгышып, СДПК партиясы менен керек болсо тирешип-кармашып, мэрлик кызматка Кыдыралиевди сактап калаарын билдиришет. Ич ара чатак ырбап, бирок 9-апрель күнү Атамбаев өжөрлүккө салып, Сариев менен Эркебаевди «сындырып», өз максатына жетет. Ошол күнү саат ондо Атамбаевдин өтунүчү менен Өмүрбек Текебаев Иса Өмүркуловду мэрияга алып келип, аны Кыдыралиевдин ордуна олтургузуп кеткен. Атамбаевдин ошол жакшылыгын чанып, Иса Өмүркулов Атамбаевдин бийлиги тамам болгондо, саткынчылыктын символуна, «кыргыздын Иудасына» айланып калган. Иса Өмүркуловду маркум Чыныбай Турсунбеков спикер болуп кеткенде, анын ордуна парламенттеги СДПК фракциясына лидер кылган да Атамбаев. Анан ошондой саткын кантип Атамбаев бийликте турганда жол киренин тарифин көтөрбөсүн. Атамбаевге жагыныш үчүн Бишкек мэри жол киренин баасын асмандатып жиберген, тарых кайталанышы мүмкүн. Турмуш бумеранг эмеспи...
Эми Атамбаев жан досу Иса Өмүркуловдун караан күндөн куткарып калууга шайманы жок: Биринчиден, мурунку бийлик башында тургандагыдай алы жок. Экинчиден, өзү да түрмөдөн кутула албай турат. Үчүнчүдөн, колунда бийлик болгондо деле «Журт атасы» деп кошомат айтып жүргөн Иса Өмүркулов эң биринчилерден сатып кеткенин унута албайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg