www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги башаламан курулуштарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Дастан Бекешев эгер кокус кырсык болуп, көп кабаттуу үй урап түшсө, ал үчүн эч ким жоопкерчилик албай турганын билдирди.
Ал мындай жыйынтыкка келгенин себебин, учурда комиссия карап жаткан ишти анализдеп, ушундай тыянак чыгарганын белгиледи.
Бул тууралуу: «Көптөгөн мыйзамдык ченемдер эскирди, сапатсыз курулуштун жазасы айып пул менен эле чектелет, курулуш компанияларынын алдамчылыгынан коргой турган мамлекеттик орган жок. Ушундай ири жана жооптуу секторду чабал көзөмөл жүргүзгөн маморгандар менен ишкерлердин колуна карматып койгонбуз», — деп жазды эл өкүлү.
Анын айтымында, курулуш компанияларына жасалган ашыкча либерализмден улам ижарага алынган жерлерге үйлөрдү салып, курулушту баштабай туруп эле «абаны» сатып, сапаты жаман материалдарды колдонуп жатышат. Үй ээлерине алгач «бейишти» убадалап, бирок аягында көйгөйлөрдүн баарын өздөрүнүн башына үйүп кетип калышат.
Бекешев белгилегендей, архитектура боюнча маморгандар көп сүйлөп, бирок иш кылбайт. Аларга жана курулуш компанияларына азыркыдай абалды кармап туруу пайдалуу.
Депутат сапатсыз курулуш же элди алдагандардын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыкканын айтты. Документ жакында коомдук талкууга коюлат.
Ал учурдагы каралган жазаны күлкү келтирерлик деп эсептейт. Мисалы, курулуштагы этиятсыздыктан олуттуу залал келтирилсе болгону 50-100 миң сом айып салынат. Ал эми оор же өзгөчө оор зыян келтиргендер 100 миңден 200 миң сомго чейин айыпка жыгылып же беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Белгилей кетсек, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдү көрүп кыргызстандыктар өлкөдөгү курулуштардын сапатына тынчсыздана башташты.
Булак: NazarNews.kg