www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурага жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
«1 ай мурда УКМК 4 баланын энесин кармаган, коррупционер деп. Мен Жылдыз Чодубаева жөнүндө айтып жатам. Кечээ анын апасы келген. Күрөө төлөгөнгө акчабыз жок дейт. Күйөөсү болсо айдоочу экен. Ушуну өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен же үй камагына чыгарса туура болмок.
Мен коррупцияга каршы күрөшүү саясатын түшүнбөй калдым. Акчасы бар кишилер үйдө, жеке менчик клиникада жатышат. Бийликке каршы митинг уюштуруп, ошол жерде биздин коллегалар жүрөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалымат берип жатышат. Өзү «мен коррупционермин» деп айтып жатса, булар бийликке каршы чыгып жатышат. Түшүнбөй калдым таптакыр. Бийлик менен мамилеси жакшы, ошол эле маалда элге башка маалыматты берип жатышат, коррупционерди коргоп. Бул туура эмес.
Жылдыз Чодубаева акталабы же акталбайбы, аны сот чечет», - деди Бекешев.
Булак: NazarNews.kg