www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамды артка кайтарышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам 10 күн мурун президенттин кол коюусуна берилген.

--"Азыркыга чейин кол коюла элек. Мыйзам артка кайтарылат деген сөздөр жүрүп жатат. Парламенттик шайлоону 28-ноябрда өткөрүү пландалган. Эгер президент мыйзамды артка кайтарса, шайлоо декабрь айынын соңуна же келерки жылдын январь айынын башына жылып калат. Кышында эч кандай нааразычылыктар да болбойт, суук болгондуктан шайлоочулар да пассивдүү болот. Ал бийликчил партиялар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот", - дейт ал.

Эскерте кетсек, июль айынын аягында парламент жаңы шайлоо мыйзамын үч окууда колдогон. Ага ылайык, парламентке 36 депутат бир мандаттуу округдан жана 54 эл өкүлү партиялык тизмеде преференциалдык добуш берүү аркылуу шайланып келет. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деп белгиленген.

Жаңы Конституцияга ылайык парламентте 90 депутат болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости