www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоо мыйзамдарына өз сунуштарын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн сойиалдык баракчасына жазды.

Бекешев төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1) Шайлоо күрөөсүн партиялар үчүн гана эмес, ошондой эле президенттикке талапкерлер үчүн да төмөндөтүү;

2) Партия үчүн дагы, президенттикке талапкерлер үчүн дагы шайлоо фонддорунун көлөмүн кыскартуу (партиялар үчүн 300 миллиондон 50 миллионго чейин, ал эми президенттикке талапкерлер үчүн – 200 миллиондон 100 миллион сомго чейин);

3) Республикалык босогону жана региондук босогону төмөндөтүү (7% дан 3% га чейин жана 0,7% дан 0,3% га чейин);

4) катталган талапкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жетекчи кызматтарынан баш тартууга милдеттендирүүгө;

5) талапкерлердин тизмесин съездден кийин жарыялоо;

6) Добуш берүү күнүнө чейин бир жолу жана 30 күн калганда гана №2 форма аркылуу каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү, шаардын, аймактын ичинде №2 форманы каттоого тыюу салуу;

7) Талапкерлерге жана партияларга кайталап шайлоого катышууга тыюу салуу керек, алардын айынан шайлоо жараксыз деп табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости