www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19: сутка ичинде 482 адам вирус жуктурду

Бүгүн, 19-октябрга карата Кыргызстанда дагы 482 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 73, Ош шаарынан – 54, Чүй облусунан – 14, Ош облусунан – 93, Талас облусунан – 7, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 125, Баткен облусунан – 107 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 52 526га жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 127 бейтап ооруканадан чыгарылып, айыккандардын жалпы саны 45 863кө жетти.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости