www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү эки ай мурун эле жаңы дайындалган болчу. Бул ири облусту жети жылдан бери биринчи орун басар болуп иштеп келген Байыш Юсупов жетектей баштаган.

Юсупов Кара-Суу районунун акими болуп беш жыл жана бир нече жыл пахта тармагындагы ишканаларда эмгектенген.

Байыш Юсуповго чейин Узарбек Жылкыбаев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Ысык-Көлдөн Ошко 2018-жылы облус башчы болуп дайындалган. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн 8-августта кызматын тапшырып берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости