www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Район аймагында жайгашкан соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган жактарга эскертүү берилүүдө.

Жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо үчүн ар бир сатуучу тиешелүү талаптарды так аткаруусу керектиги айтылууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды ооруну жуктуруудан алыс болууга үндөп жатышат. Медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу менен илдеттин алдын алууга болоору эскертилип, азыркы кырдаалга кайдыгер карабоого чакырышууда. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости